Ош шаарында өспүрүм кызды ит тиштеди

Ош шаарында 14 жаштагы кызды ит тиштеп алды. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, милицияга Т.Кулатов кичи районунун тургуну — 1974- жылы туулган М.Г. (аял киши) арыз менен кайрылган. Арыз ээсинин айтымында, 5-октябрда саат 19:30 чамасында үйүнүн алдында тургундардын биринин ити 2007-жылы туулган кызы М.А.нын эки санын тиштеп алган.

Ал эми Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору кызды ит тиштеп алганы тууралуу маалымат түшпөгөнүн билдирди.

14:29, -ж., 27-февраль