Кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев Норвегияда өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль тагынды.
Ал эркин күрөш боюнча турнирге 70 килограммга чейинки салмакта катышты.
Акматалиев Шри-Ланка, Армения, Иран, Россиянын спортчуларын катары менен утуп, финалга чыкты.
Финалдык беттеште ал килем үстүндө Польшанын атынан чыккан дагестандык балбан менен беттешти. Акматалиев 1:2 эсебинде жеңилип, күмүш медалга ээ болду.