АКШ Тажикстандын Коргоо министрлигине чек араны бекемдөөгө көмөктөшүү максатында 20 жол тандабас берди.
АКШнын Дүйшөмбү шаарындагы элчилиги билдиргендей, жалпы баасы 1,3 млн доллар болгон жол тандабастар Коргоо министрлигинин атайын багыттагы аскерлерине чек арадагы жетүүгө кыйын аймактарда иш алып барууга жардам берет.
Жол тандабастарды салтанаттуу тапшыруу аземи кечээ, 5-октябрда өттү. Ага АКШнын Тажикстандагы элчиси Жон Марк Поммершайм жана Тажикстандын коргоо министринин техника жана камсыздандыруу боюнча орун басары, генерал-майор Хусрав Бобозода катышты.