12:16, 2021-ж., 6-октябрь

АКШ Тажикстанга 20 жол тандабас берди

АКШ Тажикстанга 20 жол тандабас берди

АКШ Тажикстандын Коргоо министрлигине чек араны бекемдөөгө көмөктөшүү максатында 20 жол тандабас берди.

АКШнын Дүйшөмбү шаарындагы элчилиги билдиргендей, жалпы баасы 1,3 млн доллар болгон жол тандабастар Коргоо министрлигинин атайын багыттагы аскерлерине чек арадагы жетүүгө кыйын аймактарда иш алып барууга жардам берет.

Жол тандабастарды салтанаттуу тапшыруу аземи кечээ, 5-октябрда өттү. Ага АКШнын Тажикстандагы элчиси Жон Марк Поммершайм жана Тажикстандын коргоо министринин техника жана камсыздандыруу боюнча орун басары, генерал-майор Хусрав Бобозода катышты.

«Мындай кайтарымсыз жардам Тажикстанга чек арасын коргоо үчүн көрсөтүлгөн колдоонун бир мисалы. Биз Тажикстанга чек ара коопсуздугу жаатында тыгыз кызматташып жатканына ыраазыбыз жана бирге жеткен жетишкендиктер менен сыймыктанабыз. Биз терроризм, баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү жана ядердик куралды таркатууга каршы күрөшүүдө өнөктөш бойдон калабыз. Биз бирге иш алып барганда күчтүүбүз», - деди АКШнын элчиси.

1992-жылдан бери АКШ Тажикстанга 330 млн долларлык аскердик жардам көрсөткөн. Анын алкагында Тажикстандын күч структураларына жалпы баасы 10,5 млн долларга бааланган 358 транспорт каражаты берилген, деп айтылат АКШнын элчилигинин маалыматында.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...