Ак үйдүн алдында Жогорку Кеңештин депутаты Самат Ибраевге нааразылар чогулду

Жогорку Кеңештин депутаты Самат Ибраевге нааразы болгон жарандар бүгүн, 4-октябрда Ак үйдүн жанына келишти. 20 чакты адам депутаттын үй-бүлөсү карызын кайтарбай жатканын айтып, алдамчылыкка айыптап жатат.

Чогулгандар бул көйгөй боюнча өлкө президентинен жардам сурашты.

Ал эми депутаттын кабылдамасы митингдеги нааразычылыкка Самат Ибраевдин тиешеси жок экенин билдирди.

«Эгерде бул депутаттын уулуна байланыштуу болсо, анда ал жасаган ишине өзү жооп берет. Ал эч кимден акча алган эмес. Далилдер жана факт жок болгондо кимдир бирөөнү каралап, кара пиар жасоонун кереги жок», - деди депутаттын жардамчысы.

14:29, -ж., 27-февраль