Кыргызстанда 1,5 млн.го жакын адам коронавируска каршы эмделди

2-октябрга карата Кыргызстанда коронавируска каршы эмделген адамдардын жалпы саны 1 млн. 461 миң 885 адамды түздү. Анын ичинен 833 472 адам вакцинанын 1-дозасын, ал эми 628 413 киши эки дозасын тең алды.

Акыркы суткада ө
лкөдөгү эмдөө түйүндөрүндө, медициналык мекемелерде 9 153 адам эмделди. Алардын 4 586сы вакцинанын 1-дозасын алса, 4 566 киши экинчи дозасын алды.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө
Кытайдын Sinopharm, Орусиянын Sputnik-V жана Европа өндүрүшүнөн чыккан AstraZeneca вакциналары менен жүрүүдө.

9-сентябрда Түркиядан кытайлык Sinovac препараты да келген. Кыргыз өкмөтү октябрда эл аралык COVAX программасынын алкагында Кыргызстанга коронавируска каршы Pfizer вакцинасынын 259 миң дозасы келерин маалымдаган. Ага ылайык 2022-жылдын башында Moderna вакцинасы да алып келинет.

COVID-19га каршы вакцина эки дозада сайылат, аралыгы 21 кү
н болууга тийиш. Толук эмдөөдөн өткөндөргө сертификат берилет.

2020-жылдын март айынан бери коронавирус менен расмий тү
рдө катталгандардын саны 178 миңден ашты, 2607 адам каза болду.

14:29, -ж., 27-февраль