Алайда "Тоо театрларынын 1-фестивалы" өттү

Иш-чаранын ачылыш аземине КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова, Курманжан Датка атындагы коомдук кайрымдуулук фондунун төрайымы, мамлекеттик, коомдук ишмер Жылдызкан Жолдошева, Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Каныбек Апбасов ж.б коноктор катышты.

Аталган фестиваль Алымбек датканын 220, Курманжан датканын 210 жана Алай театрынын 75 жылдыгына карата өткөрүлүп жатат. "Тоо театрларынын 1-фестивалына" республикабыздын аймагынан 7 театр жана коңшулаш Өзбекстан Республикасынын Наманган облустук музыкалык-драма театрылары келишкен. Театр өкүлдөрү эки күн аралыгында көрүүчүлөргө спекталдарды тартуулашты.

14:29, -ж., 27-февраль