Зиядин Жамалдинов: “ Ата жөлөп турган тирек, эне акыл-насаат булагы”

1-октябрь эл аралык карылар күнүнө карата КРнын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Ош облусунун райондорунда жашаган карылардын үйүнө барып кабар алды.Ош облусунун башчысы азык-түлүк жана акчалай сыйлык тапшырып,ата-апаларды куттуктады.

“Ата жөлөп турган тирек, эне акыл-насаат булагы демекчи, бизди бул дүйнөгө алып келген, тарбиясын берген ата-энелер. Ар бир адам улгаят, ошондуктан карыларга сый урмат жасоо ар бир адамдын милдети болсо керек. Карылар көптү көргөн, көсөм адамдар десек жаңылышпайбыз”,-деди Зиядин Жамалдинов.

Мындан сырткары, 1-октябрь эл аралык карылар күнүнө карата Ош облусунун өнүгүшүнө жана түптөлүшүнө салымын кошкон 50 дөн ашуун ата, апаларга майрамдык концерт уюштурулуп, ар бирине акчалай сыйлыктар берилди.

14:29, -ж., 27-февраль