Фарид Ниязов менен Равшан Жээнбеков сотко жеткирилди

Кечээ, 29-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотуна Президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов менен Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Равшан Жээнбеков жеткирилди. Отурумга судья Азирет Медеров төрагалык кылат.

Атамбаевдин үстүнөн 3 кылмыш иши козголуп, алар бир өндүрүшкө бириктирилген. Атамбаев Кой-Таш айылынан жер тилкесин мыйзамсыз алуу, мыйзамсыз баюу жана 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Ташта болгон баш аламандыкты уюштурууга айыпталып жатат.

Бардык эпизоддор боюнча бир катар айыпталуучулар бар. Алардын катарында: Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, Асел Кодураңова, Президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев жана Аскар Шадиев, борбор калаанын мурунку мэри Албек Ибраимов, ИИМдин мурунку жетекчиси Абдылда Суранчиев жана башкалар.

14:29, -ж., 27-февраль