Москвада кыргыз жаранын атып кетишти

Москвада Кыргызстандын жаранын атып кетишкенин Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Москва шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, 27-сентябрда «02» кызматына Кара-Суу районунун 1995-жылы туулган тургуну — Кыргызстандын жараны А.З.га ок тийгени тууралуу билдирүү түшкөн. Тез жардам кызматы аны медициналык мекемеге жеткирип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырган.

Бул факт боюнча 27-сентябрда Россиянын ИИМдин Москва шаарынын Красносельский району боюнча тергөө бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренесинин 2-бөлүгүнүн «е, ч» пункттарында («Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү») каралган кылмыштын негизинде кылмыш ишин козгогон.

Жабырлануучу оор абалда.

14:29, -ж., 27-февраль