Кара-Сууда жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды

17-сентябрь күнү Кара-Суу районунун Шарк айылдык кеңешинин 56 жаштагы депутаты М.Х. алдамчылык боюнча кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагына караштуу Падаван айылынын 1960-жылы туулган тургуну С.З. кайрылып, арызында 2019-жылдын март айында Шарк айыл аймагынын кызматкерлери тарабынан З.С.нын үй-бүлөсүнө караштуу Падаван айылындагы жер тилкеси (сугат жер) сатылып, аны белгисиз атуулдар басып алганын билдирген. Ал буга мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Аталган арыз Ош ОИИБдин жоруктар боюнча бөлүмү тарабынан 2021-жылдын 16-январында Жазык кодексинин 96-беренесинде (Конфискацияланууга жаткан предметтин ордуна акча каражаттарын же башка мүлктү конфискациялоо) көрсөтүлгөн жоруктун белгилери менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Анын жүрүшүндө атуулдардын аракеттеринде Жазык кодексинин 204-беренесинде (алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери байкалгандыктан, 2021-жылдын 7-июнунда кылмыштын квалификациясы Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү менен өзгөртүлүп, тергөө амалдары жүргүзүлүп баштаган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө жабырлануучу С.З.нын ишенимдүү өкүлү У.К.нын келтирилген өтүнүчтөрүнө ылайык, Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагына караштуу Падаван айылынын 1960-жылы туулган тургуну С.З.га таандык болгон кыймылсыз мүлккө Ош шаардык сотунун 16-июлдагы жана идентификациялык коду ыйгарылган кыймылсыз мүлкүнө Ош шаардык сотунун 19-августагы токтомдоруна ылайык камак салынган.

«Андан сырткары жыйырмадан ашык жаран жер тилкесин сатып алгандыгы жана алардын кээ бирлери сатып алган жер тилкелерине турак жайларды куруп, жашап жатканы аныкталып, бир катар жер тилкелерине кароолор жүргүзүлгөн.

Аталган тургундар иштин жагдайы боюнча суракка алынып, бирок көрсөтмөлөрүндө ар кандай суммадагы акча каражаттарына жогоруда көрсөтүлгөн атуулдардан жер тилкелерин сатып алганын айтышкан. Мындан улам аларды иштин жагдайы боюнча беттештирүү үчүн тергөө кызматына камсыз кылуу максатында тийиштүү кызматтарга бир катар чакыруу баракчалары жана тергөө тапшырмалары берилген. Бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүргүзүлүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 2021-жылдын 17-сентябрь күнү Кара-Суу районунун Шарк айылдык кеңешинин депутаты — Шарк айылынын 56 жаштагы тургуну М.Х. колго түшүрүлгөн. Ага Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) менен шектенүү жөнүндө кабарлама берилип, ошол эле күнү саат 21:53дө Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

14:29, -ж., 27-февраль