Чүйдөгү абактагы кылмыш ишинин бети ачылды

Аламүдүн районунун Молдовановка айылындагы №1 түзөтүү абагындагы кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

2019-жылы 1-декабрда №1 түзөтүү мекемесинин устачылык бөлмөсүндө өрттөлгөн адамдын асылып турган сөөгү табылган. Маркум — 1996-жылы туулган У.у.Э. болгон.

Бул факт Жазык кодексинин 130-беренесинин (Адам өлтүрүү) 2-бөлүгү менен катталган.

Тергөө иштерине ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери тартылган. Милиционерлер жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөөчүлөрү жогорудагы кылмышка №1 түзөтүү мекемесинде жазасын өтөп жаткан 1994-жылы туулган Ж.у.Т.нын тиешеси бар экенин аныкташкан.

Ж.у.Т. Чүй облусунда туулган. 2017-жылы Жазык кодексиндеги (эски редакция) 164-берене (уурулук), 167-берене (талап-тоноо), 241-берене (ок атуучу куралдарды, жарылуучу заттарды мыйзамсыз сактоо, алуу, ташуу жана сатуу), 172-берене менен сот жоопкерчилигине тартылган.

ИИМдин маалыматы боюнча, ал айыпталуучулар жакындары менен жолугуша турган бөлмөнү караган «смотрящий» макамына ээ. Ошондой эле ИИМ аны уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү деп каттоого алган.

Ыкчам кызматкерлер бул шектүү дагы бир кылмышка тиешеси бар экенин такташкан. Бирок министрликтин басма сөз кызматы бул боюнча расмий маалымат бере элек.

Учурда У.у.Э.нин өлүмүнө катыштыгы бар башка адамдарды аныктоо максатындагы ыкчам иштер улантылып жатат.

14:29, -ж., 27-февраль