Дүйнө жүзү боюнча 4,5 млрд. вакцина колдонулган

Үстүбүздөгү жылдын август айына карата дүйнөдө 206 миллиондон ашык COVID-19 учуру катталган, анын ичинде 4 млн. 530 миңден ашуун адам өлүмгө учураган. Мындай маалыматты Коронавирус боюнча республикалык штаб таратты.

Маалыматка караганда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа аймагында (анын ичинде Кыргызстан) 62 миллиондон ашык COVID-19 учуру, анын ичинде 1,2 миллиондон ашуун адамдын өлүмү катталды.

"Дүйнө жүзү боюнча 4.5 миллиарддан ашык COVID-19 вакцинасы, ал эми ДССУнун Европа чөлкөмүндө 788 миллиондон ашык вакцина колдонулган. ДССУ ар бир өлкөнүн калкынын 10% дан кем эмесин эмдөө үчүн, жок дегенде сентябрдын аягына чейин ревакцинацияга (3 -дозасы менен) мораторийди киргизүүгө чакырат.",-деп айтылат маалыматта.

ДССУ үч жаңы дарыны - артесунат, иматиниб жана инфликсимаб тестирлөөдөн өткөрө турган Solidarity, Solidarity PLUS тестирлөсүнүн жаңы баскычынын башталышын сыймыктануу менен жарыялайт. Solidarity сыяктуу ири платформалык сыноолор бизге бул пандемияга реакция көрсөтүп жана келечекке даярданганыбызга байланыштуу бир нече терапиялык дарыларды кылдат баалоого мүмкүнчүлүк берет.

14:29, -ж., 27-февраль