Журналист менен активист камакта калтырылды

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен активист Чыңгыз Капаров менен журналист Айданбек Акматов 2023-жылдын 20-февралына чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу 12-декабрда мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

Райондук соттун ушул эле күнү чыгарган чечими менен активист Илгиз Сарылдык уулун жана «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаевдин камактагы мөөнөтү 2023-жылдын 20-февралына чейин узартылды.

14:29, -ж., 27-февраль