Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэри кызматынан бошотулду

Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Өткөн жылдын 26-августунда Ош шаардык кеңешинде калаа башчысын шайлоо өтүп, анда Алмаз Мамбетов мэр болуп шайланган. Мамбетов мэр кызматына жалгыз талапкер болуп, аны 43 депутат колдогон. Эки депутат каршы добуш берген.

Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп өткөн жылдын 2-августунда дайындалган.

Ал 2016-2019-жылдары Балыкчы шаарынын мэри болуп иштеген. Андан кийин 2019-2020-жылдары Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, 2020-2021-жылы президенттин иш башкармалыгынын төрагасы кызматтарын аркалаган.

14:29, -ж., 27-февраль