Жо Байден Кытай лидерин Орусиянын агрессиясын колдосо, арты жаман болорун эскертти

АКШ президенти Жо Байден Кытайдын лидери Си Цзинпин видео байланыш аркылуу сүйлөшүүдө Орусиянын агрессиясын колдосо, арты жаман болорун айтты. Ак үйдүн маалымат катчысы Жен Псаки президент Байдендин:

"Президент эгер Кытай Украинадагы тынч элге баскынчылык кылып жаткан Орусиянын саясатын колдоп, материалдык жардам берчү болсо, кандай кесепеттер күтүп жатканын кенен түшүндүрдү. Буга биз жана жалпы дүйнө көз салып турат", деп айтканын сөзмө-сөз билдирди.

Ал эми Си Цзинпин жаңжал кимдир бирөөнүн кызыкчылыгында болбошу керектегин айтып, "Украин кризиси - биз көргүбүз келбеген кризис" деп айтканын Reuters агенттиги кабарлады.

АКШ жана Кытай лидерлеринин Орусиянын Украинага кол салышы жана ага карата Бээжиндин позициясы жөнүндө 18-марттагы сүйлөшүүсү эки саатка жакын убакытка созулду.

Кытайдын тышкы иштер министри кабарлагандай Си АКШ президентине Украинадагы согуш мүмкүн болушунча тезирээк аякташы керектигин айтып, НАТО өлкөлөрүн Москва менен диалог курууга чакырган.

Кытай менен Орусия акыркы жылдары эки тараптуу мамилесин жандантып жаткан. Буга байланыштуу Бээжин Москванын Украинага кол салышын ачык айыптай алган жок. Бул Вашингтондун кооптонуусун жараткан.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Ошондон бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң чоң чабуулдар Киевде, Харьковдо, Мариуполдо жана Львовдо жасалды. Жүздөгөн адамдар каза болду, 3 миллиондон ашык адам өлкөдөн чыгып кетти.

14:29, -ж., 27-февраль