• Башкы бет
  • Медербек Сыдыков Кыргыз футбол союзунан кеткенинин себебин айтты
13:55, -ж., 30-январь

Медербек Сыдыков Кыргыз футбол союзунан кеткенинин себебин айтты

Медербек Сыдыков Кыргыз футбол союзунан кеткенинин себебин айтты

Кыргыз футбол союзунун президенти Медербек Сыдыков журналист менен болгон маегинде кызматтан кетүү себебин түшүндүрдү.

Анын айтымында, чечим кеңешүүнүн негизинде чыккан, себеби бул тармакка жаңыча көз карашта ойлоно алган, тажрыйбалуу, мыкты менеджер келиши керек.

«Азыркы замандын талабына жараша ой жүгүрткөн, жаңы көз караштагы кишилер келип, бизге да жаңылык киргизиши керек болуп жатат. Кыргыз футболунун келечеги үчүн жаңыланышыбыз керек экенин ойлодум. Жаңы жетекчи жаңы командасы менен келип, бизге дагы да дем-күч берип, футболду жогорку деңгээлге көтөрүшү керек», — деди Медербек Сыдыков.

Ошол эле учурда Кыргызстан курамасынын Азия Кубогунда тайпадан чыкпай калышынын себебин айтып өттү:

«Биринчиден, биз жаңы машыктыруучуну алып келдик. Алдыга чоң-чоң максаттарды койгонбуз. Башкы максат жаңы муунду өстүрүү, жаңы команда түзүү болгон. Демек, эң негизги себептеринин бири муун алмашып жатат. Экинчиси, кураманын өзөгүн түзгөн, негизги оюнчуларыбыздын турнир алдында, турнир учурунда жаракат алып калышы. Негизги оюнчулардын жоктугунан курамада бир аз аксап калдык». 

Айта кетсек, кечээ, 29-январда Кыргыз футбол союзунун аткаруу комитети жыйын өткөрүп, президент кызматынан кеткен. Айрым басылмалар анын себебин Азия Кубогу үчүн болгон беттеште Кыргызстандын футболчуларынын тайпадан чыкпай калышына байланыштырышууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Медербек Сыдыков

Комментарийлер

live comments feed...