• Башкы бет
  • Кыргызстан курамасы Азия Кубогунун кийинки баскычына өтпөй калды
14:50, -ж., 26-январь

Кыргызстан курамасы Азия Кубогунун кийинки баскычына өтпөй калды

Кыргызстан курамасы Азия Кубогунун кийинки баскычына өтпөй калды

25-январда Катарда өтүп жаткан Азия Кубогунун тайпалык оюндарынын алкагында Кыргызстан Оман курама командаларынын беттешип, оюн 1:1 менен аяктады. Натыйжада эки курама команда тең тайпалык турдан кийинки баскычка чыкпай калды.

Оюн Катардын борбору Доха шаарындагы Абдулла бин Халифа стадионунда болду.

Кыргызстан алгач 16-январда Таиланд менен ойноп, 0:2 эсебинде жеңилген. Андан кийин 21-январда Сауд Арабиянын курама командасы менен беттешип, жыйынтыгында 0:2 эсебинде Кыргызстан утулган.

F тайпасынан кийинки баскычка Сауд Арабия жети упай менен биринчи болуп чыкты. Таиландын курама командасы беш упай менен экинчи болуп чыкты.

Ал эми Оманда эки упай, Кыргызстандын курма командасында бир упай менен кийинки баскычка чыкпай калды.

Азия Кубогу 12-январда башталган, ал 10-февралга чейин уланат. Кубок үчүн беттешке 24 улуттук команда катышып, алты тайпада күч сынашууда.

Улуттук курама команда буга чейин Таиланддын жана Сауд Арабиянын командалары менен ойноп, жеңилип калган.

F тайпасында Сауд Арабия 6 упай менен биринчиде, Таиланд 4 упай менен экинчи, Оманда азыркы тапта бир упай бар. Кыргызстандын курма командасында азырынча упай жок.

Кыргызстан Оман менен акыркы жолу өткөн жылдын 21-ноябрында Бишкек шаарында 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын алкагында беттешкен. Анда Кыргызстан Оманды 1:0 эсебинде уткан.

Азия Кубогу оюну алгач 1956-жылы Кытайдын Гонконг шаарында өтүп, Түштүк Корея курама командасы чемпион болгон. Кубок үчүн беттештер төрт жылда бирден өтүп турат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Кыргызстан курамасы

Комментарийлер

live comments feed...