• Башкы бет
  • Кыргызстан тогуз футболчу менен ойноп Сауд Арабиясына утулуп калды
14:29, -ж., 22-январь

Кыргызстан тогуз футболчу менен ойноп Сауд Арабиясына утулуп калды

Кыргызстан тогуз футболчу менен ойноп Сауд Арабиясына утулуп калды

Азия кубогунун тайпалык баскычында Кыргызстандын улуттук курамасы Сауд Арабия командасынан 0:2 эсебинде жеңилди. Мелдеш 21-январь күнү Бишкек убактысы боюнча 23:30да башталып, Дохадагы Ахмат бин Али стадионунда өттү.

Оюндун жүрүшүндө Кыргызстандын эки футболчусуна кызыл айып кагазы берилип, оюндан четтетилди. Мындан улам команда эки оюнчуга кем ойношту.

Буга чейин кыргыз футболчулары 16-январда Тайланд курамасы менен оюнда 0:2 эсебинде жеңилилген. 

Азия Кубогу үчүн 24 улуттук курама команда катышып жатат. Жалпы алты тайпага төрттөн курама бөлүнгөн. Тайпалык оюндар 25-январга чейин өтөт. Ар бир тайпадан экиден команда жана үчүнчү орунга ээ болгон төрт мыкты команда плей-оффко же болбосо 1/8 финалга жолдомо алат.

Кыргызстан F тайпасында Оман, Тайланд, Сауд Арабия менен ойнойт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Азия Кубогу

Комментарийлер

live comments feed...