• Башкы бет
  • Футбол боюнча улуттук кураманын машыктыруучусу Таиланддан эмне үчүн жеңилип калганын айтты
14:16, -ж., 17-январь

Футбол боюнча улуттук кураманын машыктыруучусу Таиланддан эмне үчүн жеңилип калганын айтты

Футбол боюнча улуттук кураманын машыктыруучусу Таиланддан эмне үчүн жеңилип калганын айтты

Кечээ, 16-январь күнү кечинде Азия Кубогунун «F» тайпасынын оюндары болуп өттү. Анда Кыргызстан Таиланд курамасы менен ойноп, 2:0 эсебинде утулуп калды. Эки голду тең тай курамасынын оюнчусу Супачай Жайдед киргизди.

Оюндан кийинки маалымат жыйында улуттук курамдын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович төмөндөгүдөй комментарий берди.

«Биздин команда үчүн оор беттеш болду, үмүтүбүз акталган жок. Таиланд биз менен бирдей деңгээлде ойногон курама экендигин билчүбүз. Бирок, командада дагы эле көптөгөн чечиле элек жана алардын үстүнөн иштей турчу маселелердин бар экендиги анык болду. Футбол — бул айып аянтчаларында кылдаттыкты талап кылган оюн. Биз борбордо жакшы оюн көргөздүк, бирок айып аянтчаларда жетиштүү деңгээлде ишенимдүү ойной албадык, бүгүнкү жеңилүүнүн негизги себеби дал ушуда болду.

Биз оюнду талдап, оюнчулар менен сүйлөшүүбүз керек. Атаандаштын жана өзүбүздүн айып аянтчаларыбызда туура чечимдерди кабыл алууну үйрөнүшүбүз керек.

Турнир биз үчүн али бүтө элек, алдыда 2 беттеш бар. Биз Сауд Арабиясы жана Оман менен оюндарда кез келебиз«,-деди Ш. Такрович.

Футбол боюнча улуттук курама өз тарыхында экинчи ирет Азия Кубогуна катышып жатат. Быйыл ак шумкарлар «F» тайпасында жайгашкан. Улуттук курама кийинки оюнду 21-январь күнү Сауд Арабиясына каршы өткөрөт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Азия Кубогу

Комментарийлер

live comments feed...