• Башкы бет
  • Айпери Медет кызы рейтингдик мелдештен алтын утту
15:28, -ж., 15-январь

Айпери Медет кызы рейтингдик мелдештен алтын утту

Айпери Медет кызы рейтингдик мелдештен алтын утту

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы Zagreb Open рейтингдик мелдешинде алтын медалга ээ болду. 76 килограмм салмак ченинде ал финалда Кытайдан келген балбан кыз Хуан Ваны 2:1 эсебинде жеңди. Турнир 14-январда Хорватиянын Загреб шаарында өттү.

Ага чейин балбан кыз орусиялык Рита Талисманованы, андан кийин канадалык Жюстин Ди Стасиону уткан. Чейрек финалда Токиодогу Олимп оюндарынын күмүш медалынын ээси Аделина Грейди 10:0 эсеби менен жеңди. Жарым финалда франциялык Полин Лекарпент менен күрөшүп, аны 5:0 эсеби менен утуп, финалга чыккан.

Zagreb Open рейтингдик турниринде буга чейин кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова дагы алтын медаль уткан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Айпери Медет кызы

Комментарийлер

live comments feed...