• Башкы бет
  • Кыргызстандын Азия Кубогунда ойной турган футбол курамасынын акыркы тизмеси жарыяланды
16:04, -ж., 4-январь

Кыргызстандын Азия Кубогунда ойной турган футбол курамасынын акыркы тизмеси жарыяланды

Кыргызстандын Азия Кубогунда ойной турган футбол курамасынын акыркы тизмеси жарыяланды

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын машыктыруучулар штабы Катарда өтө турган Азия Кубогунда ойной турган футболчулардын акыркы тизмесин жарыялады.

26 оюнчудан турган курама команда Бириккен Арап Эмираттарында жана Катардагы турнирге болгон даярдыгын улантат.

Дарбазачылар: Эржан Токотаев, Марсель Исламкулов, Султан Чомоев, Курманбек Нурланбеков.

Коргоочулар: Кайрат Жыргалбек уулу, Християн Браузман, Айзар Акматов, Бактыяр Дүйшөбеков, Тамирлан Козубаев, Бекжан Сагынбаев, Сүйүнтбек Мамыралиев, Александр Мищенко, Амантур Шамурзаев.

Жарым коргоочулар: Одилжон Абдурахманов, Адил Кадыржанов, Мерк Кай, Бекназ Алмазбеков, Мерк Кими, Гүлжигит Алыкулов, Нурдөөлөт Сталбеков, Атай Жумашев, Фархат Мусабеков, Азим Азаров.

Чабуулчулар: Эрнист Батырканов, Кожо Жоэл, Дастан Токтосунов.

Улуттук курама команда Азия Кубогуна даярдык өткөрүүдө. Анын алкагында Кыргызстан Сириянын командасы менен Дубайда беттеш өткөрөт. Оюн 5-январда болот. Беттеш машыктыруучулук мүнөзгө ээ болуп, жабык режимде жана эфирсиз өтөт.

Буга чейин «Ак шумкарлар» Өзбекстан, БАЭ командалары менен ойногон. Сирия менен 5-январда, Вьетнам менен 9-январда беттештер өтөт.

Азия кубогу 12-январдан 10-февралга чейин Катарда өтөт. Улуттук курама D тайпасында Оман, Сауд Арабия жана Таиланд курамалары менен ойнойт.

Кыргызстандын Азия Кубогунда ойной турган футбол курамасынын акыркы тизмеси жарыяланды, фото-1
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#футбол-Азия Кубогу

Комментарийлер

live comments feed...