• Башкы бет
  • Айсулуу Тыныбекова менен Айпери Медетбек кызы дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга чыгышты
14:20, -ж., 1-январь

Айсулуу Тыныбекова менен Айпери Медетбек кызы дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга чыгышты

Айсулуу Тыныбекова менен Айпери Медетбек кызы дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга чыгышты

Бириккен күрөш дүйнөсүнүн рейтингинде (UWW) Айсулуу Тыныбекова менен Айпери Медет кызы биринчи орунду ээлешти. Бул тууралуу уюм социалдык баракчасына жарыялады.

Анда Тыныбекова биринчиликке 62 кг салмак категориясына чейинкилер арасында чыкты. Ал эми Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакка чейинкилер ичинде мыкты аталды.

Рейтинг дүйнө чемпионатындагы, континенталдык чемпионаттагы, Азия жана Панамерикалык оюндардагы, ошондой эле United World Wrestling (UWW) рейтингдик төрт турнирдеги жыйынтыктардын негизинде түзүлгөн.

Буга чейин аталаган уюм Айсулуу Тыныбекованы дүйнөнүн мыкты балбаны атаган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Айсулуу #Айпери

Комментарийлер

live comments feed...