• Башкы бет
  • Криминалга тиешеси бар делген ишкерлер абактан чыкты
14:24, 2023-ж., 30-декабрь

Криминалга тиешеси бар делген ишкерлер абактан чыкты

Криминалга тиешеси бар делген ишкерлер абактан чыкты

“Каганат Resort” эс алуу борборунун тең негиздөөчүсү, “Аврора Групп” ишканасынын ээси Азрет Боотаев эч жакка чыкпоо тилкаты менен тергөө абагынан чыкты.  Ал мамлекеттин бюджетине  356 млн сом төгүп, кыймылсыз мүлкүн да өткөрүп берди.

Азрет Боотаев менен катар “Бурана Гранд” курулуш компаниясынын директору Урмат Ишенбековда тергөө абагынан чыкты.

Мындай токтомду Бишкектин Октябрь райондук соту 29-декабрда кабыл алган.

Экөөнүн тең бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөөчүсү берген.

Азрет Боотаевди 4-октябрда кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)” беренеси менен кине коюлган. Атайын кызмат ал Камчы Көлбаевдин бизнес өнөктөшү катары иш алып барганын билдирген.

УКМК Урмат Ишенбековду 30-ноябрда кармап, сот аны 2024-жылдын 4-январына чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алган. Ага “кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) кылмыштуу аракеттерин билип туруп, анын каражатын кыймылсыз мүлккө колдонгон” деген айып тагылган.

Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөндөн кийин чоң-чоң курулуш компанияларынын ээлери камалган.

Алардын ичинде “Эмарк Групп” курулуш компаниясынын жетекчиси Чолпонбек Акматов, “Элитхаус” курулуш ишканасынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев, “Авангард Стиль” ишканасынын директору Эрнис Миңкеев, “KG Групп” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов бар.

Эрнис Миңкеев ноябрда туруктуу жашаган жеринен башка жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде бошотулса, декабрда Имамидин Ташов үй камагына чыккан. Чолпонбек Акматов болсо 27-декабрда эч жакка чыкпоо тилкаты менен тергөө абагынан бошотулду. Тимур Файзиев камакта жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Криминал-ишкерлер

Комментарийлер

live comments feed...