• Башкы бет
  • Акжол Махмудов 2023-жылдын үстөм балбаны деп аталды
14:01, 2023-ж., 29-декабрь

Акжол Махмудов 2023-жылдын үстөм балбаны деп аталды

Акжол Махмудов 2023-жылдын үстөм балбаны деп аталды

Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) Акжол Махмудовду «2023-жылдын үстөм (dominant) балбаны» атады.

Грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмактагы Кыргызстандын балбаны Акжол Махмудов 2023-жылы Дүйнө биринчилигинде, Азия биринчилигинде, Азия оюндарында алтын медаль алган.

Турнирлерде 11 жолу беттешке чыгып, жалпы 59 упай алып, 11 упай алдырып жиберген.

Беттештеринин 55%ын мөөнөтүнөн мурда упай топтоп же далысын килемге басып утуп алган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Акжол Махмудов

Комментарийлер

live comments feed...