• Башкы бет
  • Айсулуу Тыныбекова дүйнөнүн мыкты балбаны аталды
13:18, 2023-ж., 20-декабрь

Айсулуу Тыныбекова дүйнөнүн мыкты балбаны аталды

Айсулуу Тыныбекова дүйнөнүн мыкты балбаны аталды

Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) версиясы боюнча кыз-келиндер арасында дүйнөнүн мыкты балбаны аталды. Маалыматты аталган уюм жарыялады.

Аталган уюм (UWW) 2023-жылы кыргыз спортчусу дүйнөлүк рейтингдин туу чокусуна чыгып, теңдешкис 95,575 упай чогултканын жазган. 

Айсулуу Тыныбекова быйыл Азия, дүйнө чемпиондугун багындырып, Венгрия менен Египеттеги рейтингдик турнирлерди утту. Ал быйылкы жылды Азия оюндарынан коло медаль тагынуу менен жыйынтыктады.

Балбан кыз дүйнө чемпионатынан Кыргызстанга биринчи алтынды утуп тарых жаратса, быйыл үчүнчү ирет алтын тагынып өлкө тарыхын жаңылады.

Айсулуу Тыныбекова Азиянын беш жолку, дүйнөнүн үч жолку чемпиону, дагы көптөгөн эл аралык меледшердин баш байгесин алган, Токиодогу Олимпиаданын күмүш байгесинин ээси.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Айсулуу Тыныбекова

Комментарийлер

live comments feed...