• Башкы бет
  • Бириккен күрөш дүйнөсү кыргызстандык үч спортчуну "Дүйнөнүн мыкты балбаны" наамына көрсөттү
15:32, 2023-ж., 12-декабрь

Бириккен күрөш дүйнөсү кыргызстандык үч спортчуну "Дүйнөнүн мыкты балбаны" наамына көрсөттү

Бириккен күрөш дүйнөсү кыргызстандык үч спортчуну "Дүйнөнүн мыкты балбаны" наамына көрсөттү

Кыргызстандык спортчулар Акжол Махмудов, Жоломан Шаршенбеков жана Айсулуу Тыныбекова  "Дүйнөнүн мыкты балбаны" наамына көрсөтүлдү. Номинанттардын тизмеси Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) расмий сайтына жарыяланды. 

Эркектер арасында дүйнөнүн беш чемпиону шорт-листке кирген. Анда Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков да бар. Ал эми Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн көрсөтүлгөн.

Буга чейин Кытайдын Ханчжоу шаарында өткөн 19-Азия оюндарында спорттун грек-рим күрөшүнөн аталган спортчулар биринчи орунду багындырышкан. 

Учурда 2024-жылы боло турган Олимпиада оюндарына Кыргызстандын спортчуларында беш жолдомо бар. Ага биринчилерден болуп Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана сууда сүзүүчү Денис Петрашов ээ болду. Ошондой эле парадзюдо боюнча бир жолдомонун ээси Хусан кызы Хайтхон дагы Олимпиадада күч сынайт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Үч спортчу

Комментарийлер

live comments feed...