• Башкы бет
  • Ош шаарындагы спорт тармагынын абалы талкууланды
15:33, 2023-ж., 1-декабрь

Ош шаарындагы спорт тармагынын абалы талкууланды

Ош шаарындагы спорт тармагынын абалы талкууланды

30-ноябрда Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров Ош шаарынын спорт тармагын өнүктүрүү, муниципалдык спорт мектептеринин жана мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорлору менен иштөө боюнча жыйын өткөрдү.

Мэрдин орун басары шаардык дене тарбия жана спорт комитети, анын курамына кирген спорт мектептери келерки жылы калктын ар кыл катмарынын өкүлдөрүн спортко тартууга өзгөчө көңүл буруусу керектигин билдирди. 

«Ош шаарында жыл сайын массалык спорттук иш-чаралар, атап айтканда, жеңил атлетика боюнча жарыштар өткөрүлүп келет. Бирок калктын кеңири катмарын тартуу үчүн муниципалдык аймактык башкармалыктар менен тыгыз иш алып барылышы керек. Массалык спорттук иш-чараларга профессионалдарды гана эмес, жалпы коомчулукту анын ичинде аз камсыз болгон үй-бүлө мүчөлөрүн тартуу зарыл. Муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлери Дене тарбия жана спорт комитети менен биргеликте жигердүү иш алып барышып, массалык спорттук иш-чараларды уюштуруу боюнча демилгелерди көтөрүшү керек, бул сөзсүз түрдө колдоого алынат деп ишенем», - деп белгиледи Н. Кадыров.

Жыйындын соңунда мектептердин аймагындагы жеке жактарга ижарага берилген спорт залдардын, футбол аянтчаларынын санын тактоо, муниципалдык спорт мектептеринин ишин талдоо, шаардын спорт клубдарында тиешелүү санитардык ченемдерди сактоо боюнча тиешелүү кызматтарга бир катар тийиштүү тапшырмалар берилди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош-спорт

Комментарийлер

live comments feed...