• Башкы бет
  • Түркия: Чаталхөйүк борбору тарыхый мурастарды өзүнө камтыйт
15:54, 2023-ж., 23-ноябрь

Түркия: Чаталхөйүк борбору тарыхый мурастарды өзүнө камтыйт

Түркия: Чаталхөйүк борбору тарыхый мурастарды өзүнө камтыйт

Түркиянын борборунда жайгашкан атактуу неолит доорунун казуу аянты болгон Чаталхөйүк зыяратчыларды убакытты артка кайтарууга жана ачылышы тарыхый түшүнүктү өзгөрткөн шаар конушун зыярат кылууга чакырат. ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Чаталхөйүк 9000 жылдан ашкан бир коом жөнүндө түшүнүк берет. Тагыраагы, андагы артефакттар, ылай кирпичтен салынган үйлөр жана храмдар ошол мезгилде алгачкылардан болуп отурукташкандардын жашоосун, ишенимдерин жана социалдык өнүгүүсүн   кеңири чагылдырып, түшүнүүгө мүмкүндүк берет. 

Чаталхөйүктүн маанилүүлүгү анын кылымдык жашында жана адамзат коомунун эволюциясын, коомдук түзүлүшүн жана маданий практикаларын туюндурган  баалуулуктарынын укмуштуудай сакталышында.  Конуштун өзгөчө дизайны катары - кластерлерде курулган үйлөр, жалпы дубалдары жана чатырынын тешиктери, шаар курууну жана туруктуу жашоону терең түшүнүүнү көрсөтүп турат. 

Түркия: Чаталхөйүк борбору тарыхый мурастарды өзүнө камтыйт, фото-1

Түркия маданий мурастарды сактоо боюнча жүргүзүп жаткан иштеринин алкагында дүйнөнүн эң эски жана эң маанилүү калктуу конуштарынын бири болгон Коньядагы Чаталхөйүктө заманбап маалымат жана туризм борборун ачты. Андыктан, Чаталхөйүк туризм маалымат борбору бул археологиялык казынаны изилдөөнүн жана таануунун жаңы доорун кабарлайт.

Археологиялык аянттын ичинде жайгашкан Чаталхөйүк туристтик маалымат борбору археологиялык кереметтерге жана маданий мааниге толгон дүйнөгө символикалык портал болуп саналат. Борбор 28 500 чарчы метрди ээлейт.  ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурас объектисинин бай мурастарын ар тараптуу түшүнүүнү камсыз кылуу үчүн иштелип чыккан, жаратылышты коргоого багытталган зоналаштыруу планынын алкагында атайын долбоордук сайттын ичинде, дүйнөнүн булуң-бурчунан келген коноктор үчүн анын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу негизги максат болууда.

Түркия: Чаталхөйүк борбору тарыхый мурастарды өзүнө камтыйт, фото-2

Конья шаардык мэриясы, Мевлана өнүктүрүү агенттиги, Маданият жана туризм министрлиги тарабынан колдоого алынган бул биргелешкен долбоор Түркиянын Чаталхөйүк мурасын сактоо жана ырааттуу түрдө жайылтуу боюнча милдеттенмесин символдоштурат. Борбор байыркы цивилизациянын сырларын ачууга умтулган коноктор үчүн ар тараптуу жана терең тажрыйбаны сунуштайт, бул туруктуу өнүгүү менен мурасты сактоонун ийгиликтүү жолдорунун бири десек да болот.

Түркиянын эң чоң жыгачтан жасалган коомдук имараты

Түркия 4500 м² жабык көргөзмө аянтын камтыган уникалдуу интерактивдүү мейкиндик болгон Чаталхөйүк маалымат жана зыяратчылар борборун тартуулаганы менен сыймыктанат. Бул борбор Чаталхөйүк жана анын айланасы, казылган жерлер жана неолит доорундагы жашоо жана өлүм темалары жөнүндө кеңири түшүнүк берет. Заманбап экспонаттар, интерактивдүү дисплейлер жана кызыктуу мультимедиялык инсталляциялары менен борбор конокторду Чаталхөйүктүн табышмактуу дүйнөсүнө терең кирип, анын татаал өтмүшүн жана анын байыркы тургундарынын коомдук татаалдыктарын ачып берүүгө чакырат.

Түркия: Чаталхөйүк борбору тарыхый мурастарды өзүнө камтыйт, фото-3

Борбордун архитектуралык дизайны уникалдуу, чатырдан тышкары толугу менен жыгачтан курулган, Түркиянын эң маанилүү мамлекеттик инвестициясы болуп саналат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Чаталхөйүк борбору

Комментарийлер

live comments feed...