14:08
-ж., 29-февраль
Мушкер Оролбай Мыктыбек уулу 18-ноябрда UFC уюмундагы алгачкы беттешинде сербиялык каршылашы Урош Медичти жеңди. Бул тууралуу аталган уюм инстаграм баракчасына расмий жарыялады.
Оролбай Мыктыбек уулу 77 кг салмакта күч сынашкан. Мушкер UFC уюму менен бир канча күн мурун төрт беттешке келишим түзгөнүн соцтармактагы баракчасында жарыялаган эле.
UFC уюмунда Кыргызстандын атынан Оролбай Мыктыбек уулунан сырткары эже-сиңдилер Валентина жана Антонина Шевченколор да катышат.
Комментарийлер