• Башкы бет
  • Кыргыз спортчулары Бүткүл дүйнөлүк оюндарда 10-орунга көтөрүлдү
15:23, 2023-ж., 27-октябрь

Кыргыз спортчулары Бүткүл дүйнөлүк оюндарда 10-орунга көтөрүлдү

Кыргыз спортчулары Бүткүл дүйнөлүк оюндарда 10-орунга көтөрүлдү

Кыргызстандык спортчулар Сауд Арабиянын борбору Эр-Риядда өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк оюндарда 10-орунга көтөрүлүштү. Маалымат Wrestling Liveresults сайтына жарыяланды.

27-октябрга карата Кыргызстандын эсебинде 4 алтын, 2 күмүш, 7 коло медаль бар.

Казак күрөшү боюнча кыз-келиндер арасында 60 кг салмакта Бегай Бейшеналы кызы, алыш күрөшү боюнча эркектер арасында 90 килограмм салмакта Азизхан Мусабек уулу, 70 килограмм салмакта Марлен Абдрасулов, кыз-келиндер арасында 55 килограмм салмакта Элзада Момунжанова алтын медаль алышты.

Эр-Рияддагы Бүткүл дүйнөлүк оюндар 25-октябрда башталган. Кыргызстандын спортчулары оюндардын 15 түрүнөн күч сынашып жатат. Турнир 30-октябрда жыйынтыкталат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Бүткүл дүйнөлүк оюндар

Комментарийлер

live comments feed...