• Башкы бет
  • Тайырбек Жумашбек уулу дүйнөлүк чемпионатта коло медалга ээ болду
13:58, 2023-ж., 26-октябрь

Тайырбек Жумашбек уулу дүйнөлүк чемпионатта коло медалга ээ болду

Тайырбек Жумашбек уулу дүйнөлүк чемпионатта коло медалга ээ болду

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Тайырбек Жумашбек уулу Тирана шаарында (Албания) өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Спортчу 61 кг чейинки салмакта алгач 1/8 финалдык беттеште украиналык балбанды жеңсе, 1/4 финалдык беттеште азербайжандык спортчуну уткан. Жарым финалдык беттеште казакстандык балбанга жеңилген.

Ал эми коло медаль үчүн беттеште индиялык спортчуну жеңип, үчүнчү орунду ээледи.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Эркин күрөш

Комментарийлер

live comments feed...