• Башкы бет
  • Пара Азия оюндарында кыргызстандык спортчу алтын медаль утту
13:32, 2023-ж., 24-октябрь

Пара Азия оюндарында кыргызстандык спортчу алтын медаль утту

Пара Азия оюндарында кыргызстандык спортчу алтын медаль утту

Кытайда өтүп жаткан Пара Азия оюндарында кыргызстандык дзюдочу Хайитхон Хусан кызы алтын медалга ээ болду. Бул Пара Азия оюндарынан Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы алтын.

Хайитхон бүгүн, 23-октябрда көзү азиздер арасындагы дзюдо боюнча турнирде 48 киллограмм салмакта күч сынашкан. Финалда ал япониялык атаандашын жеңип алтынга татыган.

Пара Азия оюндары Кытайдын Ханчжоу шаарында 20 октябрда башталган. Мелдештер 30-октябрда жыйынтыкталат. Ага Кыргызстандан спорттун жети түрүнөн (жеңил атлетика, пауэрлифтинг, теннис, сууда сүзүү, шахмат жана дзюдо) 27 спортчу катышууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Пара Азия оюндары

Комментарийлер

live comments feed...