• Башкы бет
  • Ош: мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында спорттун үч түрү боюнча мелдештер өттү
15:05, 2023-ж., 23-октябрь

Ош: мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында спорттун үч түрү боюнча мелдештер өттү

Ош: мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында спорттун үч түрү боюнча мелдештер өттү

Ош шаарында түштүк аймагы боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында спорттук мелдеш уюштурулуп, ага Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарынан жана Ош шаарынан 100дөн ашык адам катышты. Алар кичи футбол, шахмат, аркан тартыш боюнча мелдешишти.

Аркан тартыш боюнча мелдеште 1 -орунга Ош шаарынын, 2 -орунга Кадамжай шаарынын, 3 -орунга  Араван шаарынын командасы татыды.

Кичи футбол боюнча жалпы 8 команда катышып, 1-орунду Таш-Көмүр шаарынын, 2 -орунду Жалал-Абад шаарынын, 3 -орунду Кара-Суу шаарынын командалары ээледи.

Ал эми шахмат боюнча (1- орун) А.Топчиев, (2-орун) М.Анарбаев жана (3-орун) А.Кошоев жеңүүчү болушту.

Жеңүүчүлөр дене тарбия жана спорт комитетинин дипломдору, медалдары жана баалуу сыйлыктары менен сыйланышты.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош шаары

Комментарийлер

live comments feed...