• Башкы бет
  • Ошто грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнир старт алды
15:26, 2023-ж., 16-октябрь

Ошто грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнир старт алды

Ошто грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнир старт алды

“Кыргыз-Иран достугу”  спорт комплексинде 2008-2010-жылы туулган жаштар арасында спорт чебери, КРнын 17 жолку чемпиону Алым  Ажыматовдун жаркын элесине арналган спорттун грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнир башталды.

Спорттук иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров,  Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров, спортчулар, машыктыруучулар жана күйөрмандар    катышты.

Эки күндүк мелдеште Кыргызстандын булуң бурчунан катышкан 400дөн ашуун спортчу күрөштүн 12 салмак категориясы боюнча күч сынашат.

Турнирдин жеңүүчүлөрүнө Ош шаарынын спорт комитети тарабынан медалдар, баалуу белектер жана кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Грек-рим-ош

Комментарийлер

live comments feed...