• Башкы бет
  • «Кыз ала качуу» тасмасы Түштүк Кореяда өткөн кинофестивалдын баш байгесин жеңип алды
13:13, 2023-ж., 14-октябрь

«Кыз ала качуу» тасмасы Түштүк Кореяда өткөн кинофестивалдын баш байгесин жеңип алды

«Кыз ала качуу» тасмасы Түштүк Кореяда өткөн кинофестивалдын баш байгесин жеңип алды

Режиссер Мирлан Абдыкалыковдун «Кыз ала качуу» тасмасы Түштүк Кореяда өткөн “Jiseok 28-Пусан” эл аралык кинофестивалынын конкурстук программасында баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу продюсер Алтынай Койчуманова өзүнү фейсбук баракчасында билдирди.

Режиссер Мирлан Абдыкалыков бул тасмада Кыргызстан үчүн актуладуу болгон ала качуу темасын Үмүт аттуу кыздын окуясы аркылуу көтөргөн. Тасма Бишкектин жаңы конуштарында тартылган.

Фильмде Акак Бердибекова, Элчибек Шаменов, Майрамбек Эркегулов, Айнура Акылбекова роль жараткан.

Маалыматка караганда, сынакка кыргыз тасмасынан тышкары Япония, Кытай, Индонезия, Бангладеш, Түштүк Корея, Таиланд, Шри-Ланка жана Филиппиндин эмгектери кирген — жалпысынан 10 тасма.

“JiSeok” конкурсунун секциясы үч жана андан ашык көркөм фильмдерди тарткан азиялык кинематографисттер үчүн түзүлгөн. Программалык директор Ким Джисоктун элесине арналган сыйлык эң мыкты эки фильмге берилет.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Кинофестиваль- кыз ала качуу

Комментарийлер

live comments feed...