• Башкы бет
  • Кыргызстандын футзал курамасы Азия кубогуна жолдомо алды
14:02, 2023-ж., 12-октябрь

Кыргызстандын футзал курамасы Азия кубогуна жолдомо алды

Кыргызстандын футзал курамасы Азия кубогуна жолдомо алды

Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы 2024-жылы Таиландда өтө турган Азия кубогуна барат.

Бишкек шаарында өткөн тандап алуу оюндарынын алкагында кыргызстандык футзалчылар «С» тайпасында Иран, Ливан жана Мальдив аралдарынын курама командалары менен беттешти.

Кыргызстандык футзалчылар алгачкы оюнда Ливандын курама командасын 5:4 эсебинде утуп, экинчи оюнда Ирандын курама командасына 2:10 эсебинде жеңишти алдырып жиберишкен. Үчүнчү беттеште Мальдив аралдарын 8:3 эсебинде утуп, тайпада 2-орунду ээлеп, Ирандын курама командасы менен бирге Азия кубогунун финалдык баскычына жолдомо алышты.

Эске салсак, Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы Азия чемпионатынын туруктуу катышуучулары. Азия биринчилигинин финалына 2022-жылы гана жолдомо албай калган. Алдыда өтө турган турнир команда үчүн 16-жолку катышуусу болот.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#футзал

Комментарийлер

live comments feed...