• Башкы бет
  • УКМК "Мадина" базарынын кожоюнуна коюлган айып тууралуу маалымат берди
14:37, 2023-ж., 10-октябрь

УКМК "Мадина" базарынын кожоюнуна коюлган айып тууралуу маалымат берди

УКМК "Мадина" базарынын кожоюнуна коюлган айып тууралуу маалымат берди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кримтөбөл Көлбаев менен байланышы бар адамдарды кармоо иштеринин алкагында камакка алынган экс-депутат Турсунтай Салимовго коюлуп жаткан айыптар боюнча маалымат берди.

Маалым болгондой, УКМК 4-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү, 267-беренесинин 2-бөлүмү, 37-беренеси, 122-беренесинин 2-бөлүгү менен иш козгогон. Анын алкагында Камчы Көлбаевдин жана анын жан-жөкөрлөрүнүн мыйзамсыз, кылмыштык жол менен алынган мүлктөрүн жана активдерин мыйзамдаштырып берүүгө, андан башка да өзгөчө оор кылмыштарга катышы бар 20дан ашуун адам кармалган.

Камакка алынгангандардын арасында экс-депутат, Бишкектеги «Мадина» базарынын кожоюну Турсунтай Салимов да бар.

«Ал мурдагы жана азыркы криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү менен узак убакыт бою тыгыз байланышта болуп, алардын мыйзамсыз каржылык байлыктарын тынымсыз көбөйтүп, алардын топторунун жашоо-шартына колдоо көрсөтүп келген. Ал эми К. Асанбектин кылмыштуу тобунун ишмердүүлүгүнө дайыма демөөрчүлүк кылгандыгы, тактап айтканда, «топту» (общак) каржылап, укук коргоо органдарынын, сот системасынын жана башка мамлекеттик кызматтардын коррупционерлерине пара берүү жолу менен жашоо-тиричилигин жана кылмыштуу жазадан кутулуу аракетин көрүп келгени аныкталды. Мындан тышкары Т. Салимов КР Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын түзөтүү мекемелериндеги уюшкан топтун мүчөлөрүнүн материалдык абалын чыңдоо жана аларды кармоо шарттарын жакшыртуу максатында «ар кандай нерселерди» (грев) берип келгени аныкталды. Алынган маалыматтарга ылайык, Т. Салимов мыйзамдагы ууру К. Асанбек жана анын кылмыштуу байланыштарын мезгил-мезгили менен өз керегине жана жеке кызыкчылыгына, атаандаштарын жана башка адамдарды коркутуп-үркүтүү, кысымга алуу, кысым көрсөтүү максатында пайдаланып, алардын активдерин жана бизнес долбоорлорун куугунтуктаганы, өзүнө ыйгарып алганы аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

«Мадина» базарынын кожоюну, Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Турсунтай Салимовдун камакка алынганы 8-декабрда маалым болгон. Бир катар басылмалар анын кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кудасы экенин жазып чыгышкан.

Кечээ, 9-декабрда айыбы угузулуп, Биринчи Май райондук соту 4-декабрга чейин камакка алууга өкүм чыгарган. Соттук отурумда Салимовдун ден соолугу кескин начарлап, «Тез жардам» кызматы алып кеткен. Отурум учурунда ал журналисттерге интервью берип, Көлбаевдин кудасы экенин четке кагып, коңшусу катары гана кез-кезде учурашып турганын айткан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#УКМК-Турсунтай Салимов

Комментарийлер

live comments feed...