• Башкы бет
  • Айпери Медет кызы дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга чыкты
14:34, 2023-ж., 10-октябрь

Айпери Медет кызы дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга чыкты

Айпери Медет кызы дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга чыкты

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы United World Wrestling уюмунун версиясы боюнча 76 килограммга чейинки салмак категориясында дүйнөлүк рейтингде биринчи орунду ээледи.

Күрөш дүйнөсүнүн расмий сайтында маалымдалгандай, Айпери Медет кызында 82 миң 600 упайы бар.

Жаңыланган рейтингде кыргызстандык учурдагы Дүйнө чемпиону, Сербиядагы турнирдин финалында утулуп калган Юка Кагамини ашып өттү.

Айпери Медет кызы быйыл Кытайда өткөн Азия оюндарында алтын утуп, чемпион болгон.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Айпери Медет кызы

Комментарийлер

live comments feed...