• Башкы бет
  • Азия оюндарында Кыргызстан 18-орунду ээледи
15:46, 2023-ж., 9-октябрь

Азия оюндарында Кыргызстан 18-орунду ээледи

Азия оюндарында Кыргызстан 18-орунду ээледи

Кытайдын Ханчжоу шаарында өткөн жайкы Азия оюндарында Кыргызстан 18-орунду ээледи.

23-сентябрда башталып, 8-октябрда жыйынтыкталган Азия оюндарына жалпы 45 мамлекеттен 12 миң 500 спортчу катышып, спорттун 40 түрүнөн күч сынашты.

Кыргызстандын спортчулары 15 (4 алтын, 2 күмүш, 9 коло) медаль утту.

Жалпы командалык эсеп боюнча биринчи орунду 383 медаль (201 алтын, 111 күмүш, 71 коло) алган Кытай, экинчи орунду 188 медаль (52 алтын, 67 күмүш, 69 коло) алган Жапония, үчүнчү орунду 190 медаль (42 алтын, 59 күмүш, 89 коло) алган Түштүк Корея мамлекеттери ээледи.

Борбор Азиядагы мамлекеттердин ичинен Өзбекстан бешинчи орун (71 медаль: 22 алтын, 18 күмүш, 31 коло), Казакстан он биринчи орун (80 медаль: 10 алтын, 22 күмүш, 48 коло), Кыргызстан он сегизинчи орун (15 медаль: 4 алтын, 2 күмүш, 9 коло), Тажикстан жыйырма төртүнчү орун (7 медаль: 2 алтын, 1 күмүш, 4 коло), Түркмөнстан жыйырма тогузунчу орун (5 медаль: 1 күмүш, 6 коло) алышты.

Жайкы Азия оюндарынан төмөнкү спортчулар байгелүү кайтышты:

Алтын медаль

Эрлан Шеров (дзюдо)

Акжол Махмудов (грек-рим күрөшү)

Жоламан Шаршенбеков (грек-рим күрөшү)

Айпери Медет кызы (кыз-келиндер күрөшү)

Күмүш медаль

Нурзат Нуртаева (кыз-келиндер күрөшү)

Адилет Шадыканов (карате)

Коло медаль

Раззак Бейшекеев (грек-рим күрөшү)

Авазбек Аманбеков (ушу-саньда)

Темирлан Аманкулов (ушу-саньда)

Назим Нурланов (карате)

Кымбат Тойтонова (карате)

Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер күрөшү)

Сардана Трофимова (марафон)

Орозобек Токтомамбетов (эркин күрөш)

Аяал Лазарев (эркин күрөш)

Азия оюндары — Азия олимпиадалык кеңешинин көзөмөлү астында төрт жылда бир өтө турган ири спорттук мелдеш. 2018-жылы Индонезияда болгон мелдештин жыйынтыгында 2022-жылдагы Азия оюндарын Кытайда өткөрүү чечим кабыл алынган. Коронавирус пандемиясынан улам Кытай мамлекети оюндарында 2023-жылга жылдырган. Кийинки Азия оюндары 2026-жылы Жапониянын Нагоя шаарында өтөрү кабарланды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Азия оюндары

Комментарийлер

live comments feed...