• Башкы бет
  • Брондолгон унаалар, жер участкалары, үйлөр, 500 миң долларлык таажы: УКМК Камчы Көлбаевдин мүлкүн көрсөттү
15:32, 2023-ж., 9-октябрь

Брондолгон унаалар, жер участкалары, үйлөр, 500 миң долларлык таажы: УКМК Камчы Көлбаевдин мүлкүн көрсөттү

Брондолгон унаалар, жер участкалары, үйлөр, 500 миң долларлык таажы: УКМК Камчы Көлбаевдин мүлкүн көрсөттү

Жаңы курулуп жаткан эки имаратта кримтөбөл Камчы Көлбаевге таандык 700дөн ашык батир мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу 9-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлап, анын кылмыш жолу менен алынган мүлктөрү казынага кайтарылып жатканын билдирди.

Мекеvt тараткан маалыматка ылайык, Көлбаевдин кылмыштуу тобунун дагы 40тан ашык активдүү мүчөлөрү жана лидерлери кармалган. Алар рейдерлик жол менен басып алынган мүлктөрдү мыйзамдаштырууга катышкан жана башка оор кылмыштарга тиешеси бар деп шектелип жатат. Кримтөбөлдүн мыйзамсыз жол менен алынган жалпы 1 млрд АКШ долларлык мүлкү камакка алынган.

Маалыматка караганда анын жакындары, жан-жөкөрлөрүнүн мыйзамсыз мүлктөрүнө 850дөн ашык кыймылсыз мүлктөр кирет.

«Атап айтканда, кымбат өзгөчөлөнгөн үйлөр (особняк), коттедждер, элиталык клуб үйлөрү, курулуп жаткан имараттардагы көптөгөн батирлер, эс алуу борборлору, пансионаттар, ресторандар, жер тилкелери, ат сарайлар, аңчылык жерлер, 60тан ашык кымбат баалуу люкс үлгүсүндөгү унаалар, анын ичинде брондолгондор, зер буюмдар жана башка мүлктөр бар. К.Асанбектин (Камчы Көлбаев) тобунун криминалдык мүмкүнчүлүктөрүнөн чочулап, айрым адамдар, анын ичинде чоң кызматтагылар, саясатчылар анын таасир астында калып, кээ бирлер өздөрү криминалдык авторитеттин «достугуна жана колдоосуна» умтулушкан» — деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Ошондой эле УКМК Камчы Көлбаевдин жан-жөкөрлөрү «Коопсуздук агенттиктерин» ачып, заманбап ок атуучу куралдар жана техникалар менен жабдылган куралдуу топторду түзүшкөнүн кабарлады. Иликтөө иштеринин алкагында алар да алынган.

Кылмыштуу топ жаза аткаруу мекемелеринде отурган адамдардан, алардын жакындарынан жана карапайым ишкерлерден да акча талап кылып турганы аныкталган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, Көлбаевдин мүлкүнүн бир бөлүгү мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарылган жана таза иштеген ишкерлерден тартып алынган. Аларды тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жабыркаган адамдарга кайтаруу иштери жүргүзүлөт.

УКМК уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш ал толугу менен жок кылынмайынча улантыла турганын билдирди. Жаңы кылмыштуу топтор пайда болсо турган болсо, улуттук коопсуздук органдары мыйзамдын чегинде алардын жетекчилерин жок кылууга чейинки катаал чараларды көрөрүн эскертти.

Мурдараак УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топтон жапа чеккен бардык жарандарды жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүн келтирилген зыянды кайтаруу үчүн УКМКга кайрылууга чакырды. (Байланыш телефон номерлери: 66-04-75, 62-65-04, 0702-68-28-68). Ошондой эле криминалга каражат берген бизнесмендер жоопко тартыларын белгиледи.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#УКМК-Камчы Көлбаев

Комментарийлер

live comments feed...