• Башкы бет
  • Кыргызстандык спортчу Кымбат Тойтонова Азия оюндарында үчүнчү орунду алды
17:33, 2023-ж., 7-октябрь

Кыргызстандык спортчу Кымбат Тойтонова Азия оюндарында үчүнчү орунду алды

Кыргызстандык спортчу Кымбат Тойтонова Азия оюндарында үчүнчү орунду алды

Кыргызстандын карате боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Кымбат Тойтонова Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында коло медаль тагынды.

Аталган мелдешке кыргыз спортчусу 61 кг салмак ченинде катышып, алгач кореялык атаандашын, андан соң бангладештик спортчуну жеңген.

Ал эми чейрек финалда кытайлык спортчу менен кез келип, жеңилип калган.

Коло байге үчүн беттеште Тойтонова камбожалык атаандашын жеңип, 3-орунду ээледи.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында 45 өлкөнүн катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. 24-сентябрда башталган спорттук иш-чара 8-октябрга чейин уланмакчы.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Каратэ-Азия оюндары

Комментарийлер

live comments feed...