• Башкы бет
  • Сардана Трофимова коло медалга ээ болду
15:59, 2023-ж., 5-октябрь

Сардана Трофимова коло медалга ээ болду

Сардана Трофимова коло медалга ээ болду

Кыргызстандык спортчу Сардана Трофимова Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында коло медаль алды.

Ал кыз-келиндер арасындагы марафондук чуркоо боюнча жарышка катышып, 17 спортчунун арасынан үчүнчү келди.

Сардана Трофимова марага 2 саат 28 мүнөт 41 секундда жеткен. Анын жеңиши Кыргызстандын куржунуна алтынчы медалды алып келди. Учурда Кыргызстандын эсебинде 3 алтын, 3 коло медаль бар.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#кыргызстандык жөө күлүк

Комментарийлер

live comments feed...