• Башкы бет
  • Казакстанда кылмыштуу топторду жапырт кармоо операциясы жүрүүдө
15:55, 2023-ж., 5-октябрь

Казакстанда кылмыштуу топторду жапырт кармоо операциясы жүрүүдө

Казакстанда кылмыштуу топторду жапырт кармоо операциясы жүрүүдө

Казакстандын бир нече аймагында кылмыштуу топторду жапырт кармоо операциясы жүрүүдө. Бул тууралуу «Казинформ» агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, кармоолорду Улуттук коопсуздук комитети Ички иштер министрлиги  менен биргеликте, Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө жүргүзүүдө. Ага УКК менен ИИМдин атайын багыттагы бөлүктөрү, кызматкерлери жана техникалары тартылган.

Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришкендей, кылмыштуу топторду кармоо операциялары дароо бир учурда Жамбыл, Түркстан жана Жетысу облустарында жүрүп жатат. Мекеменин маалыматына караганда, кармалып жаткан кылмыштуу топтор Казакстандын Кыргызстан, Кытай жана Өзбекстан менен чектешкен аймактарында мыйзамсыз иштерди жасап келишкен.

Күн мурун Кыргызстанда кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо боюнча атайын операция башталып, анын жүрүшүндө кримтөбөл жок кылынган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Казакстан-ОПГ

Комментарийлер

live comments feed...