• Башкы бет
  • Алтуха каймана аты менен белгилүү болгон Алтынбек Ибраимов үй камагына чыкты
15:52, 2023-ж., 5-октябрь

Алтуха каймана аты менен белгилүү болгон Алтынбек Ибраимов үй камагына чыкты

Алтуха каймана аты менен белгилүү болгон Алтынбек Ибраимов үй камагына чыкты

«Алтуха» каймана аты менен таанымал кримтоптун мүчөсү Алтынбек Ибраимов үй камагына чыкты. Мындай чечимди 4-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

«Анын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу арызды сотко Улуттук коопсуздук комитетинин  тергөөчүсү берген. Өтүнүч канаттандырылды. Соттун чечимине ылайык, ал 26-октябрга чейин үй камагында болот», -деп билдирди мекеме.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек шаарынан жана Чүй облусунун аймагынан Камчы Асанбектин (Камчы Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалганын билдирген. Алардын арасында  Алтынбек Ибраимов дагы (Алтуха) болгон. Маалым болгондой, алар көп жылдардан бери эл керектөөчү товарларды тартып алуу менен алектенип келишкен.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Член ОПГ-Алтынбек Ибраимов

Комментарийлер

live comments feed...