• Башкы бет
  • Камчы Көлбаевди акыркы сапарга узатышты
15:41, 2023-ж., 5-октябрь

Камчы Көлбаевди акыркы сапарга узатышты

Камчы Көлбаевди акыркы сапарга узатышты

Камчы Көлбаевди акыркы сапарга узатуу каадасы Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн, деп жазат "Турмуш" басылмасы.

Маалым болгондой, маркумдун Чолпон-Атадагы үйүнө жүздөгөн адамдар чогулган. Саат 10:30да  жаназа намазы окулган.

Көлбаевдин сөөгү Чолпон-Ата шаарынын №2 кичи районунун жанында жайгашкан көрүстөнгө коюлган.

Камчы Көлбаевди акыркы сапарга узатышты, фото-1

Кечээ, 4-октябрь күнү УКМК Камчыбек Асанбек атайын кызматтын кызматкерлерине куралдуу каршылык көргөзгөн учурда октон улам каза болгондугун билдирген.

Маалыматка караганда, улуттук коопсуздук кызматы уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча тынымсыз иштерди жүргүзүп, республиканын аймагындагы  ар түрдүү кылмышкерлердин таасирин жоюу боюнча чараларды көрүп жатышат.

Жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, өзгөчө ири өлчөмдө ишкерлердин мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактылары боюнча уюшкан кылмыштуу топтордун активдүү мүчөлөрүнө жана алардын жетекчилерине карата бир катар кылмыш иштери тергелүүдө.

Ошондой эле К.Асанбекке (Камчы Көлбаев) каршы кылмыштуу топтун лидери, «Дөө» каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катыштыгы бар деген жарандардын арыздары боюнча да тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.

2023-жылдын 4-октябрында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө К.Асанбектин турган жери Ибраимова көчөсүндөгү «Блондер паб» ресторанында аныкталып, ал жерген барган  УКМКнын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына көңүл бурбастан, ок атуучу куралдарды колдонуу менен куралдуу каршылык көрсөткөн.

УКМКнын кызматкерлеринин өмүрүнө жана ден соолугуна ок атуучу курал менен кол салган К.Асанбектин кылмыштуу иш-аракеттеринин натыйжасында УКМКнын атайын кызматкерлери ага эскертүү иретинде ок атышкан.

Камчы Көлбаевди акыркы сапарга узатышты, фото-2

Камчы Көлбаев. Сүрөт Интернеттен алынды.  

"Бул фактынын негизинде УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 1-бөлүгү, 267-беренесинин 2-бөлүмү жана 37-беренесинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4,18-пункттары менен кылмыш иши козголду. (уюшкан кылмыштуу топ түзүү, мыйзамсыз курал-жарак сатуу, адам өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Ок атышууга катышкан К.Асанбекти текшерген  дарыгерлер октон алган жараатынан, ошол жерде каза болгонун тастыкташты,  бул окуяга катышкан УКМК кызматкерлери жана жарандар арасында жабыркагандар жок",-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле УКМК бул фактыга тиешеси бар К.Асанбектин тобунун бардык өкүлдөрүнүн аракеттерине юридикалык баа берип, тергөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Камчы Көлбаев акрыкы сапарга узатылды

Комментарийлер

live comments feed...