• Башкы бет
  • Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарында чемпион болду
16:12, 2023-ж., 4-октябрь

Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарында чемпион болду

Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарында чемпион болду

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында чемпион болду. Ал грек-рим күрөшү боюнча 60 килограммга чейинки салмак ченинде 1/8 финалдан баштап катышкан.

Финал бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө болду. Анда Жоламан Шаршенбеков япониялык Аята Сузукини 7:6 эсебинде утту.

Биринчи кармашта Тажикстандын спортчусун жеңип, андан соң Түштүк Корея менен Өзбекстандын балбандарын уткан.

4-октябрда Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында грек-рим күрөшү боюнча мелдештер өтүүдө. Мелдештин биринчи күнүндө төрт кыргызстандык килемге чыкты.

Ушул күндөрү Азия континентинен 45 өлкөнүн катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Ага Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча барган.

24-сентябрда башталган Азия оюндары 8-октябрга чейин уланат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Жоламан Шаршенбеков

Комментарийлер

live comments feed...