• Башкы бет
  • Нурдин Букуев футзал боюнча Дүйнө чемпионатын тейлеген беттештердин саны боюнча Гинесстин рекорддор китебине кирди
14:58, 2023-ж., 29-сентябрь

Нурдин Букуев футзал боюнча Дүйнө чемпионатын тейлеген беттештердин саны боюнча Гинесстин рекорддор китебине кирди

Нурдин Букуев футзал боюнча Дүйнө чемпионатын тейлеген беттештердин саны боюнча Гинесстин рекорддор китебине кирди

ФИФАнын футзал боюнча кыргызстандык экс-калысы Нурдин Букуев Гиннестин рекорддор китебине кирди. Букуев футзал боюнча Дүйнө чемпионатын тейлеген беттештердин саны боюнча дүйнөнүн абсолюттук рекордчусу, ошондой эле бул көрсөткүчкө жеткен биринчи жана жалгыз футзал калысы. Анын эсебинде төрт дүйнөлүк биринчилик бар: алар Бразилия-2008, Таиланд-2012, Колумбия-2016 жана Литва-2021 Дүйнө чемпионаттары. 

Букуевдин калыс катары акыркы беттеши футзал боюнча 2021-жылы Литвада өткөн Дүйнө чемпионатынын финалдык оюну болду, анда Аргентина менен Португалия курама командалары кез келген. Аталган финалда Португалия командасы дүйнө кубогунун ээси болуп, сыйлыктарды тапшыруу аземинде Букуев жетектеген калыстар тобу ФИФАнын президенти Джанни Инфантинонун колунан сыйлык алышкан.

Ата-мекендик адис калыстык карьерасын 1996-жылы баштаган, 2006-жылы ФИФА калысы болуп, улуттук жана клубдук деңгээлдеги көптөгөн эл аралык оюндарды тейлеген.

Букуев 2013-жылы Азиянын мыкты калысы, ошондой эле 2012, 2019 жана 2021-жылдары Кыргыз Республикасынын мыкты каласы деп табылган. Арбитрдик карьерасын аяктагандан кийин Азия футбол конфедерациясы, Букуевдин эмгегин баалап, ага атайын сыйлык ыйгарган. 

Кыргыз футболдук союзундагы көп жылдык кызматынан кийин Букуев 2021-жылы анын башкы катчысы болуп дайындалып, ушул күнгө чейин аталган кызматта иштеп келет. 2022-жылы өлкөдө футболду жана анын түрлөрүн жайылтууга жана өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Букуев мамлекеттик «Даңк» медалы менен сыйланган.

Букуев быйыл АФКнын Калыстар комитетине да мүчө болуп, учурда өз ишмердүүлүгүн эл аралык мелдештердеги инспекторлук иши менен айкалышырып келет. 

КФСке аталган рекордду тастыктаган кат келип түштү, ал эми сертификаттын өзү жакынкы аралыкта келип, 21-ноябрь күнү футбол Кыргыз Республикасы жана Оман курамалары беттеши алдында расмий түрдө өз ээсине тапшырылат. 

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Нурлан Букуев

Комментарийлер

live comments feed...