• Башкы бет
  • Жоламан Шаршенбеков экинчи жолу дүйнө чемпиону болду
14:17, 2023-ж., 25-сентябрь

Жоламан Шаршенбеков экинчи жолу дүйнө чемпиону болду

Жоламан Шаршенбеков экинчи жолу дүйнө чемпиону болду

Жоламан Шаршенбеков 23- сентябрда Сербияда өтүп жатканда Дүйнө чемпионатында алтын медаль утуп, экинчи жолу дүйнө чемпиону болду.

Грек-рим күрөшү боюнча балбан 60 килограммга чейинки салмакта күрөшүп, финалдык беттеште жапониялык атаандашы Кеничиро Фумитаны 11:6 эсебинде жеңди.

Финалга чейин Шаршенбеков 22-сентябрда Литва, Грузия, Өзбекстан жана Ирандын спортчуларын жеңген. 

Шаршенбеков Азия чемпионатынын алтын, күмүш жана коло байгелерин уткан. 2021-жылы балбан Норвегиянын борбору Осло шаарында өткөн Олимпиадада күмүш байгеге ээ болгон. Буга чейинда Сербиянын Белград шаарындагы дүйнө чемпионатында алтын байгени уткан.

Улуттук курама команда ушуну менен бул жолку Дүйнө чемпионатында бешинчи медалды жеңди. Кыз-келиндер күрөшү боюнча Айсулу Тыныбекова алтын, Айпери Медет кызы күмүш, эркин күрөш балбаны Тайырбек Жумашбек уулу коло, грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов алтын байгеге ээ болгон.

Учурда 2024-жылкы Париж Олимпиадасына Кыргызстандын эсебинде беш жолдомо бар. Буга чейин сууда сүзүүчү Денис Петрашов  катышууга линцензия алган.

Күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 24-сентябрь бүгүн жыйынтыкталат.

Мелдеште олимпиадалык салмактарда алтын, күмүш, коло байге алгандарга жана 5-орунду ээлеген бирден балбанга Олимп оюндарына жолдомо берилет (жалпы 90 жолдомо).

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Жоламан Шаршенбеков

Комментарийлер

live comments feed...