• Башкы бет
  • Тарыхый көрсөткүч: Айсулуу Тыныбекова үчүнү ирет дүйнө чемпиону болду
15:21, 2023-ж., 22-сентябрь

Тарыхый көрсөткүч: Айсулуу Тыныбекова үчүнү ирет дүйнө чемпиону болду

Тарыхый көрсөткүч: Айсулуу Тыныбекова үчүнү ирет дүйнө чемпиону болду

Айсулуу Тыныбекова Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө  чемпионатында алтын медаль утту. Балбан кыз 22-сентябрга караган түнү финалдык беттеште жапониялык Сакура Мотокини 4:1 эсебинде жеңди. 

Ал чемпионатта Польша, Молдова жана Украинанын балбандарын үч жолу катары менен жеңип, ал эми жарым финалда германиялык Луиза Неймени 4:2 эсебинде уткан. 

Айсулуу Тыныбекова ушуну менен Дүйнө чемпионатына алтынчы жолу катышып, Кыргызстандын спорт тарыхында үч жолу дүйнө чемпиону болгон алгачкы спортчу болуп калды. Буга чейин ал 2019-жылы жана 2022-жылы дүйнө чемпиондугунда алтын медаль тагынган.

Тыныбекова Азиянын беш жолку чемпиону, Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси, Азия оюндарынын жана башка бир катар турнирлердин жеңүүчүсү.

Спортчу алтын медалды утуу менен бирге  2024-жылдагы Париж Олимпиадасына жолдомого да ээ болду. Тыныбековадан сырткары Айпери Медет кызы, Денис Петрашов, жана кечээ 21-сентябрда Акжол Махмудов да жолдомо утту.

16-сентябрда башталган күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 24-сентябрга чейин уланат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Айсулуу Тыныбекова

Комментарийлер

live comments feed...